Бийлик өкүлдөрүнүн Жоламан Шаршенбековду саясатка кийлигишпөөгө чакыруусу Баш мыйзамга каршы келет

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров аталган мыйзам долбооруна кол койду. 

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип, “Алдыдагы жеңиштерге эски тууну эле көтөрүп чыгам” деп өзгөртүүгө каршы экенин билдирген

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев балбандын сөзү берилген билдирүүнүн алдына эч бир спортчу расмий беттештерге мамлекеттик туусуз катыша албарын айтып, “аракет кылып эле көрсүн!” деген комментарий калтырган. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөздөрүнөн кийин башка дагы бир катар саясатчылар окшош тариздеги билдирүү таратышып, Жоламанды пикири үчүн катуу сынга алышты. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында мамлекет спортчуларга көңүл буруп, үй, унаа алып берип, эң жогорку сый-урматты көрсөтүп келатканын белгилеп, аларды саясатка аралашпай эле коюшса деген пост жарыялады. Туманбаев билдирүүсүндө “жаңы тууну сыйлабагандар мамлекеттен өз жообун алат” деп спортчулардын мамлекеттик чечимге аралашып жатканын сындаган. 

Андан сырткары, президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына Камчыбек Ташиевдин Жоламан Шаршенбековдун айтканына карата пикири боюнча тасманы бөлүшүп, “Мамлекеттин колдоосун алып, сыйын көрүп, кайра саясатка мурдун тыгып, бузукулук кылгандарга жооп” деп жазды.

Социалдык тармактарда бийлик башында отургандардын балбан Шаршенбековдун пикири боюнча жазгандарын кысым катары баалап, сөз эркиндигин чектөө деген ойлорун билдиришти. 

“ПолитКлиника” медиасы аткаминерлердин Жоламан Шаршенбековго жообу Кыргызстандын кайсы мыйзамдарына каршы келерин текшерип көрдү. 

Өз пикирин эркин билдирүү — кылмыш эмес 

Бийлик өкүлдөрү  “саясатка аралашпасын” деп айтып жаткан спортчу, маданият өкүлү баарынан мурда Кыргызстандын жараны болуп эсептелет. Ал эми өлкөнүн ар бир жараны өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. 

Адам укуктары өлкөнүн негизги документи Баш мыйзам менен кепилденет. Ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүү укугу Баш мыйзамдын 32-беренесинде бекитилген. Анда эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эместиги жазылган. 

Демек, бийлик өкүлдөрүнүн балбан Шаршенбековду пикиринен баш тартууга чакырган билдирүүлөрү Баш мыйзамдагы  адам укуктарына байланыштуу беренени бузат. 

Спортчуларды ким каржылайт? 

Жоламандын пикирин сындап чыккан бийлик өкүлдөрү “мамлекеттин колдосу менен үй, унаа алып, сыйын көрүп, анан жаңы желекке каршы чыгуу туура эмес” деген аргументти көп келтиришкен. 
Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамына ылайык, өлкөдөгү спорт тармагы мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат.

Мамлекеттин атынан спортчуларга берилген акчалай сыйлыктар, батир, унаа, чет өлкөдөгү беттештерден келгенде салтанаттуу тосуп алуулар сыяктуу иш-чаралар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. 

Ал эми мамлекеттик бюджеттин негизин элден чогултулган салыктар түзөт. Бул Кыргызстандын Бюджеттик кодексинин 18-беренесинде көрсөтүлгөн

Жыйынтык: Бийлик өкүлдөрүнүн балбан Жоламан Шаршенбековду саясатка аралашпоого чакыруусу Баш мыйзамдын 32-беренесине каршы келет. Ал эми спортчуларга берилген сыйлыктар мамлекеттик бюджеттин, же башкача айтканда, элден чогултулган салыктын эсебинен каржыланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты