“Беткап тагынуу жаш балдардын сүйлөө кечеңдөөсүнө себеп болууда” деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг) 

5-февраль күнү “Глогер США Майами” Телеграмм каналында “Бет каптар сүйлөөсү кечеңдеген балдардын санынын 364% көбөйүшүнө себеп болгон” деген маалымат жарыяланган. Анда, бул маалыматты Флордалык терапевт айтканы белгиленген. 

“Беткап тагынуу жаш балдардын сүйлөө кечеңдөөсүнө себеп болууда” деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Маалымат бурмаланган

Балдардын сүйлөө кечеңдөөсүнө пандемиянын таасир этип жатканы тууралуу маалымат 2021-жылы 9-ноябрда Америкалык  West Palm Beach Florida News (WPBF) телеканалында жарыяланган. Анда, Флоридалык логопед Жаклин Тин пандемиянын жаш балдарга да таасир этип жатканын айткан.

“Пандемия башталганга чейин сүйлөө кечеңдөөсү менен кайрылгандар 5% болсо, коронавирус пандемиясы башталгандан бери бул сан 20%га өстү. Бул ошол учурдагы изоляция жана бет кап тагуу сыяктуу факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок азыркы убакта беткап тагуу балдарда сүйлөө кечеңдөөсүнө алып келип жатканын далилдеген изилдөөлөр жок”,-деп билдирген. 

Интервьюда логопед Жаклин Тин балдар чоңдор беткап тагып жүргөндүктөн аларда сүйлөө кечеңдеши мүмкүн деп айткан. Анткени, балдар чоңдордун жүз эмоцияларынан, илебинин кыймылдаганынан сүйлөөнү өздөштүрөт. 

Башкача айтканда, интервьюда балдарда маска таккандыктан сүйлөө кечеңдеп жатат деп айтылган эмес. Мындан сырткары, Жаклин Тиндин теориясын далилдей турган изилдөөлөр да мисал келтирилген эмес. 

Беткаптардын жаш балдарга болгон таасири 

2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 5 жашка чейинки балдарга беткап тагуудан баш тартууга чакырган. 

“Беткап тагынуу жаш балдардын сүйлөө кечеңдөөсүнө себеп болууда” деген маалымат далилденген эмес (Фактчекинг) 

Анын себеби катары жаш балдарды оорудан коргоодо башка талаптар эске алынары жана алардын кызыкчылыктары маанилүү экени айтылат. 

Белгилей кетсек, бул убакка чейин беткаптардын балдардын ден-соолугуна терс таасир берээри тууралуу изилдөөлөр жасала элек. 

Жыйынтык: Телеграмм каналда Флоридалык логопед Жаклин Тиндин сөзү бурмаланып берилген. Мындан сырткары, беткап тагынуу балдардын сүйлөө кечеңдөөсүнө себеп болот деген теория далилденген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты