Беш жылда топтолгон 585 миң сомдон ашык алимент өндүрүлдү
- 3 месяца мурун
Ош облусунун Ноокат районунда сот аткаруучулар беш жыл ичинде топтолгон 585 миң 497 сом алимент карызын өндүрүштү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, карыз 2021-жылдын март айынан 2026-жылдын март айына чейин топтолгон. Аталган сумма толугу менен өндүрүлүп, жашы жете элек баланы багууга карата өндүрүүчүгө которулду.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 60 миң алимент төлөөчү катталган.
Муну бөлүшүү




