«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды

  • 3 месяца мурун

«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж.Н.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады.

«Белгилүү болгондой, «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, аталган соода-базар комплексинде соода иши менен алектенген ишкерлердин ижара акысы 30% га төмөндөтүлгөнүн, аталган ЖЧКнын жетекчилиги санариптик экономикага акырындык менен өтүү боюнча бийликтин саясатын колдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирди. Аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтаруу жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам «Беш-Сары» соода түйүнүндө жеке ишкерлик менен алектенген ишкерлердин нааразылыгынын өсүүсүнө түрткү болгон
29-апрелде Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК буга чейин Министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода жана оюн-зоок комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода орундары үчүн ижара акысынын наркын төмөндөтүү, ошондой эле жеке ишкерлерге жана ижарачыларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуу болгонун эскертет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты