Берлинде узундугу 16 метрлик ири аквариум жарылып кетти (видео)

  • 2 года мурун

Германиянын Берлин шаарындагы мейманканалардын биринде узундугу 16 метрлик ири аквариум жарылып кетти. Бул тууралуу Bild басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-декабрдын таңында шаардын борборундагы Карл Либхнетт көчөсүндөгү Dom Aquaree мейманканасында болгон. Жерине куткаруучулар тартылып, учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Sea Life аталышындагы аквариумда 1,5 миң тропикалык балык болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты