Беловодское айылында мектептен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Москва районунда мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодское айылында эски мектептин имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Эски мектепти каптаган тилсиз жоону токтотууга Москва райондук №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт кечки саат 19:50дө чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү. Болжол менен 500 чарчы метр күйүп кеткен мектептеги өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты