Беловодск айылында турак үйдөн чыккан өрттөн 3 жаран каза болду

  • 2 года мурун

Беловодск айылында турак үйдөн чыккан өрттөн 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-июлда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын К.Маркс көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 59 жаштагы аял киши, 64 жаштагы эркек жана 1 эркек киши каза болду.

Маалыматка ылайык, өрт таңкы саат 5:59да чыгып, өрттү өчүрүүгө N15 ӨККБдөн 1 бөлүм тартылган. Каза болгондордун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты