Белорусияда Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрү башталды

  • 2 года мурун

Беларустун Гомель облусунда Украина менен Орусия делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу «БЕЛТА» маалымат агенттиги кабарлады.

Украина тараптан сүйлөшүүгө «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк, Үч тараптуу байланыш тобундагы украин делегациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костя, депутат Рустем Умеров, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точиский барды.

Орусиянын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Андан тышкары делегациянын курамында тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык саясат боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Орусиянын Белорусияданы элчиси Борис Грызлов бар.

27-февралда Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын делегациясы Гомелге келгенин, украин өкүлдөрүн күтүп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты