Белгисиз айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп, качып кеткен. Күбөлөр изделүүдө

  • 2 месяца мурун

8-июндун таңында Бишкек шаарындагы Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу «Тазалык» ишканасынын 64 жаштагы кызматкерин сүзүп, качып кеткен. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы бул окуяга күбө болгон жарандарды байланышууга чакырууда.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июнда саат 04:40 чамасында болгон. Натыйжада автоунаа коюп кеткен жаран оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы коюп кеткен унаа ак түстөгү «Daewoo Nexia» экенин божомолдоодо. Учурда Бишкек шаарында «Перехват» планын киргизип, издөө иштери жүрүүдө.

Милиция окуяга күбө болгондорду ыкчам 102 кызматына же 0312530181, 0509102122 байланыш телефондоруна байланышууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты