Белги коюлган маскалар жана шайлоо бюллетенин сүрөткө тарткан шайлоочулар
- 2 года мурун
- Баяндар
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анда 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда.
Шайлоочулар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ар түрдүү бет кап тагынып шайлоого келишүүдө. Алардын арасында атайын белгиленген бет кап тагынып жүрүшкөндөрүн да байкоого болот.
Фейсбук колдонуучусу, бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев өзүнүн баракчасына, “шайлоочулардын айтымында, №1117-шайлоо участкасына мөөр басылган медициналык беткап тагынган бир топ адамдар келишкен” деп жазып чыкты.
Жарандык активист Атай Бейшенбеков да өзүнүн Фейсбук баракчасына дал ушул сүрөттү жүктөп, “Кайра белгиленген маскалар пайда болуптур! Тажабайт экенсиңерго! Улам улам өзүңөргө ар кандай белги койдургандан деле жийиркенбейсиңерби!?” деген билдирүү калтырган.
Бул боюнча айрым Фейсбук колдонуучулары “Бул кюар код”, “Башталды”, “Кайра эле баягы”, “Укук коргоо органдары шайлоо тилкелериндеги мындай көрүнүштөргө реакция жасап жатабы?” деген пикирлерин калтырышкан.
Шайлоо бюллетенин сүрөткө тарткан
Ошондой эле, Фейсбук колдонуучусу Дастан Бекешев шайлоо бюллетенин сүрөткө тарткан жарандын видеосун жарыялаган. Видеодон шайлоо бюллетенин телефонго сүрөткө тарткан аялдын “Мен кайсыга шайлаганымды билейин дедим. Тынч эле…” деп айтканын угууга болот. Ал эми жанында турган адамдардын “Эже, болбойт! Биз милиция чакырабыз. Мына телефонуңузда тайпалар бар экен. Менимче, бул добуш сатып алуу” деп айткандарын угууга болот.
Айрым шайлоо тилкелеринде урналар үзгүлтүк менен иштеди
Парламенттик шайлоо башталгандан көп өтпөй айрым шайлоо тилкелеринде, анын ичинде президент Садыр Жапаров добуш берген шайлоо тилкесинде да бюллетень салчу электрондук урна белгилүү убакытка чейин иштебей калганы байкалды.
Ошондой эле, Ош, Ысык-Көл облустарында дагы ушундай мүчүлүштүктөр байкалган.
Шайлоо участкаларындагы адистер муну суукка байланыштырып, айрым жерлерде жабдуунун алдына жылыткычтарды коюп оңдошту.