Белгилүү кинооператор Сапар Койчуманов дүйнөдөн кайтты
- 2 недели мурун
Бүгүн, 30-июнда, “Кыргызфильм” студиясынын мурдагы директору, кыргыздын белгилүү кинооператору Сапар Койчуманов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайтында маалымат берилди жана киносынчы Гүлбара Төлөмүшова социалдык тармакта кабарлады.
Сапар Койчуманов Москвада ВГИКтин оператордук бөлүмүн аяктаган. Сапар Койчуманов киноиндустрияга 40 жылга жакын өмүрүн арнаган. Эки өлкөдө — Кыргызстанда жана Казакстанда фильмдерди тарткан.
Сапар Койчуманов Кыргызстанда “Ыйлаба, керик!” (1994-жыл, режиссеру Темир Бирназаров), Казакстанда “Отрардын кыйрашы” (1991-жыл, режиссеру Ардак Амиркулов), “Лейланын дубасы”, (2002-жыл, режиссеру Сатыбалды Нарымбетов), Кыргызстан жана Казакстанда “Бейиш кушу”, (2006-жыл, режиссерлору Талгат Асыранкулов жана Газиз Насыров) ж.б. фильмдерди тарткан.
Сапар Койчуманов акыркы кездерде оор операцияга муктаж болуп, кайрымдуулук акциясы жарыяланган.
Белгилүү киноператор Сапар Койчумановду акыркы сапарга узатуу 1-июлда, Бишкек шаарында, 6-кичирайондогу 7а үйүндө өтөт.
Сүрөттө: Кинооператор Сапар Койчуманов. kyrgyzcinema.com




