Беларусияда президенттик шайлоо өтүп жатат
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-январда Беларусияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко менен бирге дагы 4 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу беларустук «БелТА» маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 21-25-январь аралыгында өткөн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын 41,81%ы добуш берген.
Учурда өлкө боюнча 5325 шайлоо участоктору дайындалган. Шайлоо беларусиянын сааты боюнча саат 8:00дө башталып, кечки саат 20:00гө чейин болот. Шайлоо бюллетендери беларус тилинде даярдалганы айтылды. Шайлоочуларга толтурулган шайлоо бюллетендерин сүрөт-видеого тартууга жана аны шайлоо бөлмөсүнөн сырткары алып чыгууга тыюу салынды.
Беларусиянын президенттигине шайланууга 5 кандидат ат салышууда. Алар: Александр Лукашенко, Олег Гайдукевич, Анна Канопацкая, Сергей Сыранков и Александр Хижняк.
«БелТА» агенттиги Беларусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 5-февралдан кечиктирбей чыгара тургандыгын аталган комиссиянын жетекчиси Игорь Карпенкого шилтеме берип жазды.
Сүрөт: «БелТА» маалымат агенттиги




