Beko соода маркасы тиричилик техникаларын белекке берип жатабы? Текшеребиз

Социалдык тармактарда тиричилик техникаларын сатуучу Beko соода маркасы 36 жылдык мааракесине карата муздаткычтарды жана кир жуугуч машиналарды белекке берип жатканы жөнүндө маалымат тарап жатат.

Beko соода маркасы тиричилик техникаларын белекке берип жатабы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Жогорудагы маалымат Фейсбуктагы BEKOO деп аталган баракчага жарыяланып, андан соң тайпаларда бөлүшүлө баштаган. 

BEKOO бул сөз болуп жаткан соода маркасынын расмий баракчасы эмес экенин дароо эле байкоого болот. Себеби, баракчанын аталышы ката жазылган жана анын расмий баракча экенин тастыктоочу эч кандай белгиси жок. Ал эми Фейсбуктун издөө системасына «Beko» деп жаза турган болсоңуз, соода маркасынын верификациядан өткөн, атайын белгиси бар баракчасы чыгат. 

Beko соода маркасы тиричилик техникаларын белекке берип жатабы? Текшеребиз

BEKOO баракчасында жарыяланган маалыматта алар сунуштап жаткан белекке ээ болуу үчүн билдирүүнүн аягындагы шилтемеге өтүп, аны толтуруу керек экени жазылган.

Биз бул шилтеме менен киргенибизде Beko’нун логотиптери колдонулган сүрөттөр жана “Куттуктайбыз, биз сизди BEKO муздаткычтарын жана кир жуугуч машиналарын утуп алуу үчүн тандадык. Байгеңизди тандоо жана маалыматыңызды каттоо үчүн төмөнкү баскычты басыңыз! Ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин 5 мүнөттүн ичинде жаңы BEKO кир жуугуч машинасын белекке аласыз. Жана биз түздөн-түз сиздин дарегиңизге жөнөтөбүз” деген билдирүү чыкты.

Beko соода маркасы тиричилик техникаларын белекке берип жатабы? Текшеребиз

Андан ары “катталуу” баскычын басканыбызда ар түрдүү сайттар чыгып жатты.

Бул жерден эч кандай тиричилик техникалары ойнотулбаганын көрүүгө болот. 

Beko соода маркасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен байланышканыбызда дагы бул шылуундардын иши экенин айтып, алардын үстүнөн арыз жазышканын билдиришти.

Түркиялык “Арчелик” концернине таандык Beko соода маркасынын алдында муздаткыч, газ жана электр мештери, кир жуугуч машиналар, кондиционерлер өндүрүлөт. Бул соода маркасы өз ишин 1967-жылы баштаган. Демек, Beko быйыл 36 жылдык мааракесин белгилеп жатканы жөнүндө маалымат дагы чындыкка дал келбейт.

Жыйынтык: Beko соода маркасы 36 жылдык мааракесине карата муздаткычтарды жана кир жуугуч машиналарды белекке берип жатканы жөнүндө маалымат жалган. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты