Бекболот Жаналиев Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Бекболот Жаналиев Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.
11-июнда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен беш жылдык мөөнөткө Чүй облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары болуп Бекболот Жаналиев дайындалды.
Бекболот Джаналиев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 27-беренесине ылайык дайындалды.
Муну бөлүшүү