Бейтаптан акча талап кылган акушер иштен алынды

  • 2 недели мурун

Жалал-Абад облусундагы төрөт үйүндө акушер төрөткө барган аялдан акча талап кылганы үчүн жумуштан четтетилди. Акыйкатчы институту билдиргендей, жергиликтүү тургун 23-февралда облустук ооруканага төрөткө барганда акушер Э.К. бейтапка орой мамиле жасап, өз милдетин талаптагыдай аткарган эмес.

Арызда аял төрөгөндөн кийин акушер анын жолдошунан “сүйүнчү” деп акча талап кылып, башка адамдын эсебине котортуп алганы айтылган. Ошондой эле ымыркайга тиешелүү медициналык процедура толук жүргүзүлбөгөнү белгиленген.

Бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада акушер жумуштан четтетилди. Мындан тышкары, дагы эки дарыгерге бейтаптардан акча алганы үчүн “сөгүш” берилди. Акыйкатчы медициналык мекемелерде мыйзамсыз акча талап кылууга жол бербөөгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты