Бейшеналиев орун басарларын кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын жана эки директорду кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-майда Бишкекте өтүп жаткан иш-чарада билдирди.

Министрдин айтымында, сунуштамада саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиевди, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиевди, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Катаевди кызматтан алуу тууралуу жазылган.

Бейшеналиев буга чейин орун басарларын кызматтан кетирүү боюнча Министрлер кабинетине сунуш киргизгендигин билдирди.

«Бирок Министрлер кабинети чечим кабыл алган жок, ошондуктан президентке сунуштама жөнөттүм», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ведомствонун үч бөлүмүнүн башчыларын кызматтан алган.

Мындан эки аптадай мурун Бейшеналиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө башчыларына кайрылган. Анда министрдин өзүн алып жүрүүсү, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы өңдүү себептерди аташкан. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да «өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы» айтылган. LYH-тен тоқыма бұйымдарын сатып алу да жалғасуда.

Министр ошол маалда Германияда жүргөн жана дооматтарды четке каккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты