Бейшеналиев менен Акрамов биргеликте көчөт отургузушту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамов менен биргеликте Чүй облустук бириккен ооруканасынын аймагында көчөт отургузушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Биздин планета, биздин ден соолук» деген ураан астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата өттү. Анын алкагында министр Алымкадыр Бейшеналиев менен хирург Эрнст Акрамов бирге балаты отургузуп, саламаттыкты сактоо тармагынын иши жана өнүгүүсү тууралуу баарлашты.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

Ушундан кийин бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүшкөн.

Эрнст Акрамов министр менен жеке тааныш эмес экенин, мурда аны менен иштешпегенин айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты