«Бейиш — эненин таманында» тасмасы Малазияда көрсөтүлөт
- 2 года мурун
17-февралдан тарта Режиссёр Руслан Акундун «Бейиш — эненин таманында» тасмасы Малазиянын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.
Маалыматта айтылгандай, бул Борбордук Азиянын тарыхында биринчи жолу болууда. Тасма ĸыргыз тилинде, субтитрлер англис жана малай тилдеринде көрсөтүлөт.
«Дистрибьюторлор чоң ĸызыгуу менен бул тасманы Брунейде, Индонезияда жана
Сингапурда жайылтууга ĸиришти. Ошондой эле 2025-жылы фильмдин Түрĸияда жана
Жаĸынĸы Чыгыш өлĸөлөрүндө дүйнөлүĸ релизи пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда тасманын премьерасы 2024-жылы 1-мартта болуп өткөн. Ал Казакстанда, Өзбекстанда жана Орусияда көрсөтүлгөн.
Бул тасма бир ĸатар эл аралыĸ ĸинофестивалдарга ĸатышĸан, алардын
ĸатарында: Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival , Индонезиядагы Jogja-Netpac Asian Film Festival, Казань мусулмандар ĸинофестивалы, Indo Dubai International Film Festival бар.
Ошондой эле, тасма Кыргызстандын атынан Осĸар сыйлыгына сунушталган.
Сүрөт: интернет булактары




