“Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы бүткүл Орусияда прокатка чыгат

  • 4 месяца мурун

11-апрелден тарта кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы бүткүл Орусияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тасма Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган.

Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.

Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.

Казакстанда 21-мартта, Өзбекстанда жана Орусияда 11-апрелде прокатка чыгат, ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Аталган тасманы тарткан Руслан Акун «Салам, Нью-Йорк», «В поисках мамы», «Кок-Бору», «Акыркы сабак», «Агай», «Салам, Европа!» аттуу тасмалары менен да белгилүү.

Шаарлардын тизмеси:

Москва
Санкт-Петербург
Екатеринбург
Новосибирск
Хабаровск
Иркутск
Ногинск
Красноярск
Красногорск
Пенза
Пермь
Ульяновск
Набережные Челны
Симферополь
Оренбург
Саратов
Южно-Сахалинск
Барнаул
Уфа
Самара
Якутск
Новый Уренгой
Балаково
Тольятти
Новгородская область
Ессентуки
Иргаклы
Магас
Нефтекумск
Прохладный
Ставрополь
Терекли-Мектеб
Южно-Сухокумск
Астрахань
Улан-Удэ
Магнитогорск
Нижний Новгород
Успенское
Оренбургская область
Абакан
Ступино
Волгоград
Воронеж
Ижевск
Краснодар
Сочи
Ставрополь
Сургут
Рыбинск
Казань
Тобольск
Махачкала
Хасавюрт
Электросталь
Каспийск
Елабуга
Черкесск
Адыгейск
Байконур

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты