BBC: кыргызстандык инженер Айнура Сагын дүйнөнүн эң таасирдүү 100 айымынын тизмесине кирди

  • 1 год мурун

Би-Би-Синин «100 айым» долбоору 2022-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады.

Аталган тизмеге кыргызстандык инженер, экологиялык Tazar стартабынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Сагын кирди. Бул стартап Борбор Азиядагы айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча көйгөйдү чечүүнү максат кылат.

Айгура Сагын негизги ишинен тышкары семинарларды өткөрүп, Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык окуучу кызга программалоонун негиздерин үйрөткөн.

Мындан тышкары Би-Би-Си бул жылы белгилүү ырчы Билли Айлишти, Украинанын биринчи айымы Елена Зеленскаяны, орусиялык ырчы Алла Пугачеваны, ирандык альпинист Эльназ Рекабини жана башкаларды жылдын эң таасирдүү айымы деп тапты. Толук тизме менен бул жерден тааныша аласыз.

Бул Би-Би-Синин «100 айым» долбоорунун онунчу сезону. Быйыл биринчи жолу аталган тизмеге мурда кирген айымдар башка айымдарды бул наамга көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бул тизмеге Кыргызстандан буга чейин мурдагы президент Роза Отунбаева, Кыргызстандагы көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева, манасчы Ширин Сарыгулова кирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты