Бажы кызматы: Мыйзамсыз ташылып келген автоунаалар аныкталды
- 2 года мурун
Бажы кызматы Армениянын мамлекеттик каттоо белгиси менен жүргөн Lexus RX 400H жана Mercedes-Benz Viano үлгүсүндөгү унаалардын өлкөгө мыйзамсыз киргендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө байланыштуу, ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча текшерүү жүргүзүшкөн.
Жыйынтыгында, жогорудагы автоунаалардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында жүрүүгө уруксааты жок экендиги аныкталган.
Бажы кызматы мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 3 млн 235 миңден ашык экендигин билдирди.
Ошондой эле автоунаалар кармалып, «БТС» жана «Кант» БИ МИнин убактылуу сактоочу кампаларына жайгаштырылган. Иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.
Сүрөт: интернет булактары




