Бажы кызматы конфискациялаган буюмдарды арзан убадалаган жаран кармалды

  • 3 months мурун

Бажы кызматы конфискациялаган буюмдарды арзан убадалаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан илдиришти.

Ош ШИИБинин кызматкерлери 1986-жылы туулган, коӊшу мамлекеттин жаранын И.Е.ни кармашты. “Ал айрым ишенчээк жарандарга өзүн бажы кызматынын майору катары жалган маалымат берип тааныштырып, алдоо жолуна түшкөн. Ош шаарынын 1971-жылы туулган тургунуна “бажыдан конфискация болуп, кампада турган 10 даана муздаткыч, 1 даана ширетүүчү аппарат, 1 даана темир кесүүчү аппарат алып чыгып берем” деп убадасын берип, андан 124 миӊ сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен. Бүгүнкү күндө бул жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун дагы 7 жаранын алдагандыгы аныкталып, алардан арыз түштү. Жабырлануучулар «бажынын кампаларында мыйзамсыз сакталып турган буюмдарды арзан алуу» үчүн 100 миӊден 300 миӊге чейин акча беришкен”, – деп жазылат маалыматта.

Шектүү 2-августта кармалып, 4-августта Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты