Бажы кызматы: Алюминий электр зымдарын контрабанда менен ташып келүү аныкталды
- 2 года мурун
Баткен облусунун «Раззаков-Баткен-Ош» унаа жолунда Тажикстанда өндүрүлгөн жана жанында эч кандай документтери жок алюминий электр зымдарын ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган А-35 түрүндөгү 8 түрмөк зымдын болжолдуу баасы 264 миң сомду түзгөн.
«ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамдуу кесип өткөнүн тактоо үчүн, жүк убактылуу кармалып, “Кайырма+Дума” ЖЧКга таандык убактылуу бажы көзөмөл аймагына киргизилди. Чогултулган документтер андан ары иликтөө үчүн «Баткен» бажысынын Бажылык териштирүү секторуна өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: customs.gov.kg
Муну бөлүшүү




