Базар-Коргондон дайынсыз болуп жаткан келин 3 баласы менен Бишкектен табылды

  • 4 месяца мурун

Базар-Коргондон дайынсыз болуп жаткан келин 3 баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы Наргиза 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып кабар алышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты