Батыш Казакстанда тоют тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 1 месяц мурун

Батыш Казакстан облусунун беш районунан топтолгон фермерлер Орол шаарына барып, аймактагы тоют тартыштыгынан улам мал кырылып калышы мүмкүн экенин билдиришти. Алардын айтымында, буга кургакчылык жана бөкөндөрдүн көбөйүшү себеп болууда.

Бул күндөрү облустун түштүк тарабындагы райондордо тоюн тартыштыгы жаралып, фермерлер төрт райондо штаб түзүштү. Алардын экөөндө толук, дагы экөөндө жарым-жартылай өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Фермерлер облус акими менен жолугуп, мамлекеттик органдарга кайрылууларды жасап жатышат. Буга чейин алар жарыялаган петиция жетиштүү санда добуш топтой алган эмес.

Орол шаарына келген фермерлер тиешелүү мекемелер тараптан бөкөндөрдүн көбөйгөнүнө карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын белгилеп, алардын санын өздөрү көзөмөлдөй ала тургандыктарын айтышты. Мындан тышкары фермерлер акыркы жылдардагы кургакчылыктан улам малга тоют даярдоо кыйын болуп калганын билдирип, өкмөттө мал чарбасы менен дыйканчылыкты колдоо механизмдери жок экенин сынга алышты.

Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Калияр Айтмухамбетов фермерлердин маселеси «акырындык менен» чечилип жатканын билдирди.

Казакстанда фермерлер талаадагы эгинди бөкөндөр тебелеп жатканына даттангандан кийин аларды атууга уруксат берилген.

Бөкөндөр дээрлик чейрек кылымдан бери Казакстанда жаныбарлардын жоголуп бара жаткан түрү катары өзгөчө коргоого алынган. Аларга аңчылык кылууга катуу тыюу салынып, браконьерлер реалдуу мөөнөткө соттолгон.

Экология министрлигинин бөкөндөрдү атуу боюнча чечими жаныбарлардын укугун коргоочулар менен экологдордун нааразылыгын жаратып, алар бийликтин чечимин сынга алып, бөкөндөрдү жок кылууга жол бербөөгө чакырышкан. Сайгактарга аңчылык башталгандан кийин интернетте талаада кырылган жаныбарлардын видеолору пайда болуп, айыл тургундары менен дыйкандар аларды жок кылуунун ыкмаларына тынчсыздануусун билдиришкен.

Эксперттердин пикири боюнча, бөкөндөрдүн мүйүздөрү өзгөчө баалуу болуп саналат, алар көп учурда күмөндүү «дары-дармектерди» өндүрүү максатында мыйзамсыз экспорттолот.

Сүрөт: Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Калияр Айтмухамбетовдун (оңдо) фермерлер менен жолугушуусу. Орол шаары, 5-август 2024-жыл. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты