“Баткенге жардам” атайын эсебинен 327 млн сомдой каражат сарпталды

  • 11 месяцев мурун

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолгон.

Анын 327 млн сомго жакыны сарпталганын облустук бийликтен «Азаттыкка» кабарлашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине дагы 100 миң сомдон берилген.

Окуяда жол кырсыгынан каза болгон 12 жаранга 3 млн 960 миң сом, жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн. Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2 млн сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң 780 сом бөлүп берилди.

Өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктарынын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң 230 сом акчалай компенсация төлөп берилди. Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 4 млн 600 миң сомдон ашык каражаты калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.

15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.

Өткөн жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин «агрессияга» айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Жаңжалда Баткен облусунан 661 турак жай жабыркап, 417си кайрдан курулду. Мындан сырткары, 300дөн ашуун мал-жандык уурдалып, 88 автоунаа өрттөлгөн. Социалдык жана административдик объектилер, көпүрө талкаланган. Министрлер кабинетинин төргасы жалпы чыгым 8 млрд сомдон ашаарын маалымдаган. Ошол кезде Баткенге жардам берүү максатында атайын эсеп ачылган эле.

Сүрөт: интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты