Баткенге жалпы 1 миң 415 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

  • 2 года мурун

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 69 776 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

4 158 жаран эвакуациялык пунктарда, 4 539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 58 297 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган. Баткен облусуна жалпы 1415 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 207 тонна ӨКМ тарабынан, 1004 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 199,86 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 134 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 10;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 64;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты