Баткенге 106 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

  • 2 года мурун
Баткенге 106 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткенге 106,6 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 33,5 тонна жардам Маргун айыл аймагынын элине таратуу үчүн жөнөтүлгөн. Материалдык резервдер фондусунан 6500 литр күйүүчү май, ун 25 тонна, шекер 4 тонна, өсүмдүк майы, 10 миң литр бөлүнгөн. Мындан сырткары, жарандардан, мекеме-ишканалардан чогултулган 90, 326 тонна азык-түлүк жиберилген. Ошондой эле бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктары уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. Алсак, Ош облусунда 42 пункт анын ичинен, Кара-Суу районунда 18, Ноокат районунда 15, Араван районунда 9. Ал эми Бишкек шаарында 24 пункт анын ичинен Октябрь району 7, Ленин району 6, Свердлов 5, Биринчи май району 6, Ош шаары -1 пункт ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты