Баткендин Суу-Башы, Кышкут айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
- 1 год мурун
Баткендин Суу-Башы, Кышкут айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Баткен райондук жарандык коргонуу башчысы-акимдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтар өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Муну бөлүшүү