Баткендиктерге жеңилдетилген шартта кредит берилет

  • 2 года мурун

Улуттук банк, тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган тургундарды колдоо максатында Баткен облусунун чарба иштерин жүргүзгөн жарандарына жеңилдетилген шартта насыя берүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фондго» Баткенде чарба иштерин жүргүзгөн насыя алуучулардын кредит алуусуна артыкчылык берип кароону сунуштайт. Ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу зарылчылыгын билдирген.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-майына чейин колдонулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты