Баткенди калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети Баткен, Ош облустарындагы чек ара чатагында талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Баткен облусу боюнча 3942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үйүнө кайта элек ар бир тургун боюнча тактап жардам берүүнү тапшырды. Жапаровдун маалыматында, толугу менен күйүп кеткен жана оңдоого муктаж турак жай ээлерине 149,6 млн. сом кенемте төлөнүп берилди.

Комиссиянын өкүлү Кайрат Кошбаков учурда 415 имараттын курулуш жүрүп жатат. Жыйында айтылган маалыматка караганда, алардын ар биринин баасы 3,3 млн. сомду түзүүдө. Жапаров үйлөрдү тездетип куруп бүтүрүү керектигин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгы менен айрым комиссия мүчөлөрүнө эскертүү, сөгүш берилди.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандар арасында балдар бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты