Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

  • 2 года мурун

Баткен облусунан Бишкекке эвакуацияланган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, кыргыз жарандарынын Баткен облусунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна алынып келишине байланыштуу 20-сентябрдан тартып, жарандардын жайгаштырылган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана аларды каттоодон өткөрүү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан аймактык негизде жүргүзүлүүдө.

Бир жуманын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жалпы 416 адам кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты