Баткендеги өрттөн 3 тонна тоют чөп чыгым болду

  • 2 года мурун

Баткендеги өрттөн 3 тонна тоют чөп чыгым болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 16-август күнү саат 14:04тө Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында Ж.А.га таандык сарайдан өрт чыгып, аталган дарек боюнча Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын аракети менен саат 14:42де чектөөгө алынып, саат 15:31де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна тоют чөп, 24 даана шифер, 9 даана айырмач, 56 метр рейка зыян болду.Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты