Баткендеги маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген.

Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты