Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгондор тууралуу сериал тартылат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде чек арадагы соңку куралдуу кагылышта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эскерүүгө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов жана шейит кеткен жоокерлердин ата-энелери катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов учурда чек арада курман болгондор тууралуу сериал тартуу боюнча иштер башталганын билдирди.

Иш-чаранын соңунда чек ара жаңжалынан кайтыш болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлүп берилди.

Ушул жылдын 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Кыргызстан тараптан 63 адам мерт болгону расмий кабарланган. 206 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты