Баткенде жертөлөгө кирген сел суулары толук тазаланды
- 4 месяца мурун
Баткенде жертөлөгө кирген сел суулары толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагында сел жүрүп, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылган.
Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн ӨКМден жалпы 33 куткаруучу тартылды.
Сел суулары жалпы 6 участкада, тактап айтканда облустун Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолуна агып келген.
Ал эми Сүлүктү шаарында селдин кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жертөлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.
Түнү менен жеринде ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барып, бүгүн, 6-май саат 7:00гө карата сел кирген турак үйлөрдүн жертөлөсү толук тазаланды.
Бактыга жараша табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок.
Учурда Ош — Раззаков унаа жолун тазалап, каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда.