Баткенде жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Баткенде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 02:29да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты