Баткенде жаңылана турган 22 имараттын чыгымы эсептелди

  • 2 года мурун

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта талкаланган социалдык-маданий мекемелердин 17си капиталдык ремонтко муктаж. Дагы беш социалдык объектти кайра башынан куруу керек. Бул тууралуу 29-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган медиа штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдолуп, курула турган объектилердин долбоорлоо-каржылоо документтерин даярдоо үчүн бул күндөрү Баткенде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери иштеп жатышат.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экенин аныктады. Ошондой эле 11 административдик объект, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты