Баткенде үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Баткен облусунда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

«Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, байланыш операторлору күнү-түнү иштеп, Баткен облусунун аймагында байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Электр энергиясынын жетишсиздигинен көптөгөн объектилер дизелдик генераторлор жана аккумуляторлор менен иштеп жатат”, — деди Мамбеткадыров.

Министрдин орун басары белгилегендей, коммуникацияларды камсыздоодо кыйынчылыктар согуш жүрүп жаткан аймактарда гана жаралат, жол ачылып, авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, «Мегаком» компаниясы Баткен облусунун аймагындагы абоненттери үчүн байланышты бекер камсыздаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты