Баткенде унаа толугу менен күйүп кетти
- 2 года мурун
Баткенде унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында АСJ Хундай аванте үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган 3 куткаруучу тарабынан саат 16:22де өрт чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн. Тилекке каршы унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өрттүн себеби такталууда.
Муну бөлүшүү