Баткенде унаа оңдоочу жайлардан уурулук кылганга шектелип 42 жаштагы жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Баткен шаарында унаа оңдоочу жайлардан уурулук кылганга шектелип 42 жаштагы жаран аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен шаарындагы унаа оңдоочу жайларда оңдотууга таштаган унаалардын аккумлятору жана башка тетиктери уурдалып жатканын билдирип Кадамжай, Баткен районундарынын тургундары арыз менен кайрылган.

Бул арыздар Баткен ШИИБдин КБРне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде 6 арыз катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кылмышка шектүү Р.А. уурдалган далил буюмдарды сактап койгон жери аныкталып, алынды.

Кармалган жаран тергөө кызматына камсыздалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты