Баткенде УКМК кызматкерлери «ПолитКлиниканын» журналисттеринин ишине тоскоолдук жаратты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу нааразы болгон тургундар чогулду. Алар чек ара чырындагы Кыргызстан тараптан болгон оор жоготууларга күнөөлүүлөрдү табууну, ошондой эле УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин тезинен Баткен шаарына келүүсүн талап кылышты.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Гулиза Урустамбек кызы окуяны жеринен чагылдырып жатканда алгач жай тургундар, андан кийин атайын кызматтын адамдары тарабынан тоскоолдуктар жаралды.

«Журналисттер видеону өчүрүп, чек арада алына турган бекеттер тууралуу элдин оюн угуп жатканда атайын кызматтын кызматкерлери ар бир кадамыбызды көзөмөлдөп турушту. Мындан сырткары суроолорубузду провокациялык экенин жана жакындарын жана үйлөрүн жоготкон тургундар кызуу кандуулук менен бийликке жаман сөздөрдү сүйлөп жатканын билдиришти. Эң соңунда биздин телефон номерлерибизди алууга аракет кылып, редакция тууралуу да сурашты», — деп билдирди «ПолитКлиника» медиасынын журналисти Гулиза Урустамбек кызы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты