Баткенде турак үйдө чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Баткенде турак үйдө чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-июлда саат 12:12де Баткен районунун Чет-Кызыл айылында М.А.га таандык турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө район аймагындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган куткаруучулардын ыкчам аракети менен саат 12:42де өрт чектөөгө алынып, саат 13:27 де толугу менен өчүрүлгөн. Жалындын жалпы аянты 15 чарчы метрге жетип, 1 даана духовка, 3 даана устун, 20 м рейка, 5 даана шифер, 2 даана эшик жана 10 даана айырмач чыгым болду. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өрттүн себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты