Баткенде Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган 366 адамдын насыясы кечирилди

  • 2 года мурун

Улуттук банк Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча финансы-кредиттик уюмдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2022-жылдын 30-декабрына карата финансы-кредиттик уюмдарга аталган аймактардан 514 жабырлануучу кайрылган.

Алардын ичинен 366 карыз алуучунун 31 млн 480 миң сом өлчөмүндөгү насыясы жоюлган.

224 адамдын 63 млн 683 миң сом өлчөмүндөгү насыясы реструктуризацияланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты