Баткенде таштанды кабыл алуучу жай жана синтепон чыгаруучу цех ачылды

  • 3 месяца мурун

Баткен шаарында «ТРЭШ 6» фестивалынын алкагында синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алуучу жай ачылды. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Уюштуруучулар билдиргендей, пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарыла баштады. Бул Кыргызстандагы пластиктен технологиялык синтепон чыгарган жалгыз  цех. Ишкана күнүнө 50-300 кг пластмассаны кайра иштетет.

«Келечекте бул демилге бир гана Баткен шаарын эмес, бүтүндөй Баткен облусунан алып келинген таштандыны кайра иштетиши зарыл», — деп билдиришти иш-чаранын уюштуруучулары.

Ошондой эле шаардын ичинде “ЭкоБаткен” кайра иштетүлүүчү материалдарды кабыл алуу пункту ачылды. Эми Баткендин тургундары пластик, кагаз, картон жана алюминийди тапшырып, акчалай компенсация же үй жана кеңсе буюмдарын ала алышат.

Кабыл алуучу жайдын жана кайра иштетүүчү цехтин ачылышы «ТРЭШ 6: Баткен Таштандысыз» экологиялык арт-фестивалынын алкагында 26-апрелде өткөн. Анын алкагында балдар жазуучусу Алтын Капалованын мектеп окуучуларынын таштанды менен күрөшү тууралуу «Жаркыраган тоо» жомогу боюнча көргөзмө жана спектакль коюлган.

Уюштуруучулар мындай иш-чаралар аркылуу калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана таштанды төгүүчү жайлардын көйгөйүн чечүүгө салым кошуу максатталып жатканын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты