Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет

  • 1 год мурун

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Ал жакта радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетикасы боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I,VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, адамдын сөөктөрү табылган.

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет

Он беш адамдан турган археологиялык топ 2023-жылдын 11-июнунан 22-июнуна чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүзгөн.

Археологиялык казуу иши КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жүргүзүлгөн.

Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары, студенттери катышышты.

Белгилей кетсек, 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты