Баткенде сууга түшүп чөгүп кеткен баланы издөө иштери жүрүүдө

  • 1 год мурун

Баткенде сууга түшүп чөгүп кеткен баланы издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

14-май күнү Төрт-Күл а/а Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен жүрүп 2 эркек бала (2009-жылы туулган М.Д., 2006-жылы туулган А.М.) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 15-май күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин 15 куткаруучусу тартылып, саат 08:35те 2009-жылы туулган М.Д. аттуу баланын жансыз денеси табылып, экинчи жоголуп кеткен баланы издөө иштери улантылган, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 16-май күнү улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты