Баткенде сот Транспорт министрлигинин кызматкерлерине айып пул салды

  • 1 год мурун

Ашыкча жүк салган жүк ташуучу унааны текшербей өткөрүп жибергени үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине сот айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 30-декабрында Лейлек районунун Кулунду айылында КР И.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы уруксаат берилген чектен ашык 30 тонна минералдык жер семирткичтер жүктөп алган «Вольво FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын негизинде жогорудагы транспорт каражаты Транспорт министрлигинин техникалык көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя – Кулунду” каттамы боюнча жол берилген салмактык жүктөмдү ашыра аткаргандыгы үчүн техникалык салмактык көзөмөлгө алынбаганы аныкталган. Бул боюнча ТКПнын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 13-июнунда Кадамжай райондук сотунун өкүмү менен Транспорт министрлигинин алдындагы ТКПнын кызмат адамдары Н.И., А.И., А.К., И.Э.уулу жана А.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле И.А. тарабынан жолдун катмарына келтирилген 96 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты