Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратканга шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун
Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратканга шектелген жаран кармалды

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратканга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январда Баткен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө жаран Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу  таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам  маалымат келип түшкөн. Аталган факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун тургуну 2000-жылы туулган О.З.  «Одноклассники» социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

3-февралда соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу чыгып, изилдөөгө берилген аудио материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө  тыюу салынган “ИШИМ”  экстремисттик жана террористик уюмуна  таандык экендиги аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу)  боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты