Баткенде сентябрдагы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдүн дээрлик бардыгы кайрадан курулуп бүттү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөн жылдын сентябрындагы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдүн ордуна курулган турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 үйдүн курулушу бүткөрүлгөнү маалым болду. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөрү айтылды.

Бул үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты